Милиция кызматкерлерин фото, видеого тарткандарды жазалоо каралууда
RU

Милиция кызматкерлерин фото, видеого тарткандарды жазалоо каралууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин фото, видеого тарткандарды жазалоо боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келип түштү.

Буга чейин депутат Сүйүн Өмүрзаков милиция кызматкерлерине баш ийбегендердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгон.

Айтылуу мыйзам долбооруна кошумчалар киргизилип, милдеттерин аткарып жаткан кызматкерлерди "укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишин каралоо максатында" фото жана видеого тартып интернетке таратуу үчүн 5000 сом айып салуу же жети суткага чейин камоо сунушталууда.

Долбоорду демилгечилеринин катарында Винера Раимбачаева, Алишер Эрбаев, Кундузбек Сулайманов жана Ырысбек Атажанов да бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17408