Президенттик аппарат мамкызматкерлерге жумушка коомдук транспорт менен барууну тапшырды
RU

Президенттик аппарат мамкызматкерлерге жумушка коомдук транспорт менен барууну тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин аппараты министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлерине жумушка коомдук транспорт менен баруу тууралуу сунуш жөнөттү.

Буйрукка ылайык, мамлекеттик кызматкерлер жеке унааларынан баш тартып, шейшемби жана бейшемби күндөрү жумушка коомдук транспорт менен барышы керек.

Буга чейин мэрия муниципалдык кызматкерлерге аптасына эки күн жеке унаа менен жүрүүгө тыюу салган.

Учурда борбор калаанын айрым көчөлөрүндө оңдоо иштери дагы деле уланууда. Мындан улам айрым тилкелер жабылып, жол кыймылы кыйындап, унаалардын тыгыны пайда болду.

Жол тыгынын азайтуу үчүн Министрлер кабинети мэриянын демилгеси менен борбор калаадагы айрым мектептер менен жогорку окуу жайлардын окуу тартибин өзгөрттү, бирок окуучулар менен ата-энелер жаңы графикке нааразы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17445