Бишкекте өспүрүмдү өлтүрө сүзгөн айдоочу кармалды
RU

Бишкекте өспүрүмдү өлтүрө сүзгөн айдоочу кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте унаа сүзүп кеткен 15 жаштагы өспүрүм каза тапты. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, шектүү катары чет элдик кармалды.

Маалыматка ылайык, 23-сентябрда болжол менен саат 17:45те Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсү менен түндүктү көздөй бара жаткан Honda Aria унаасынын 2004-жылы туулган П.А. аттуу айдоочусу (чет элдик жаран) жөө өтмөктөн 2009-жылы туулган А. Д. аттуу жаранды сүзгөн. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, бирок жаракаттарынан улам каза болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесине (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) ылайык кылмыш иши козголду.

Айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Кийинчерээк милиция кызматкерлери тарабынан шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмыш ишинин алкагында баардык керектүү экспертизалар дайындалып, унаа атайын айып короого киргизилген.

Тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17451