Катар учкуч болгусу келген кыргызстандыктарга жылына 10 квота бере турган болду
RU

Катар учкуч болгусу келген кыргызстандыктарга жылына 10 квота бере турган болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Катар авиациялык академиясы учкуч болууну каалаган кыргызстандыктарга жыл сайын 10 квота бөлүп берет. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту маалымдады.

Бул тууралуу атайын жолугушууда компаниянын директору Данияр Бостонов менен академиянын башкы директору шейх Жабор бин Хамад Аль-Танинин макулдашкан.

Жолугушууда өзгөчө көңүл аба кыймылынын диспетчерлерин жана бул жаатта квалификациялуу адистерди даярдоого бурулган. Мындан тышкары билим берүү жана авиациялык кадрларды даярдоо жаатында кызматташуу талкууланган.

Макулдашуунун жыйынтыгында Катар 10 учкучту акысыз окутууга квота бөлө турган болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17452