Бишкекте пара талап кылууга шектелип үч милиционер кармалды
RU

Бишкекте пара талап кылууга шектелип үч милиционер кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте үч милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ түнү саат үчтөр чамасында Октябрь РИИБнин №3 шаардык милиция бөлүмүнүн имаратына УКМКнын кызматкерлери кирип келип, пара талап кылууга шектелген милицияларды кармашкан.

Маалым болгондой, операциянын жүрүшүндө эки кылмыш иликтөө кызматкери жана ИИМдин бир тергөөчүсү кармалган. Алардын кеңселери тинтүүгө алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17453