Жогорку Кеңештин комитети Аскар Акаевдин кайрылуусу боюнча чечим чыгарды
RU

Жогорку Кеңештин комитети Аскар Акаевдин кайрылуусу боюнча чечим чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 24-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Аскар Акаевдин кайрылуусун карады.

Акаев Жогорку Кеңешке жолдогон катында экс-президент макамына кайтаруу маселесин кароо үчүн депутаттык комиссия түзүүнү суранган.

Талкууда депутат Гуля Кожокулова бул маселени ар тарапттуу изилдөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү керектигин белгиледи. Депутат Жанар Акаев мындай комиссия түзүүнүн зарылчылыгы жок экенин белгилеп, комитет өзүнүн регламентинин алкагында маселени парламенттин кароосуна киргизе алат деди.

Жыйынтыгында депутаттар комиссия түзүү сунушуна каршы добуш беришти. Комитет Жанар Акаевдин билдирүүсүн көңүлгө алып, Аскар Акаевдин убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндөгү арызын канааттандыруудан баш тартуу сунушу менен Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17456