Кулчулукта жүргөнүн айткан аялдын билдирүүсү тастыкталган жок
RU

Кулчулукта жүргөнүн айткан аялдын билдирүүсү тастыкталган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарга коңшу өлкөдө кулчулукта жүргөнүнү айткан аялдын видеосу жарыяланган. Анда Алмаш аттуу аял 3 ай бою Казакстан Республикасынын аймагында кулчулукта жүргөнүн, ал жактан качып, Кыргызстанга жол тосуп келгенин билдирген. Ошондой эле күйөөсү учурда Шымкент шаарынын аймагында кулчулукта жүргөнүн билдирген.

Интернетке тараган видео боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан текшерүү иштери башталган. ИИМден маалымдашкандай, 23-сентябрда милиция кызматкерлери аялдын Бишкектеги дарегин тапкан. Такталгандай, видеодогу аял Нарын облусунун Жумгал районунун тургуну, 58 жаштагы Б.А. экени аныкталды.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө Б.А. аттуу жарандын Бишкек шаарында жашаган туугандары аныкталды. Аял спирт ичимдигин ичкендиги текшерилип, бир тууган эжесине өткөрүлүп берилди.

Бир тууган эжесинин айтымында, сиңдиси 2005-жылдан бери Бишкек шаарынын Ак-Босого конушунда чогуу жашап жүргөнүн, Кыргызстандан эч качан чыкпаганын жана мындай окуяларды оюнан чыгарып көп айтарын түшүндүрдү", - дешет ИИМден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17460