Автобустун 30 айдоочусу одоно эреже бузганы үчүн иштен алынат
RU

Автобустун 30 айдоочусу одоно эреже бузганы үчүн иштен алынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасында жыйын өткөрдү. Анда калаа башчысы жаңы автобустардын катышуусундагы жол кырсыктары жана жол эрежесин бузуулар көбөйүп жаткандыгын айтып, эскертүү жасады дешти муниципалитеттен.

"Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Бишкек шаарына 1000 жаңы автобус сатып алынды. Бирөөнү сүзүп кетсеңер, автобустун ичиндеги жүргүнчүнү майып кылып алсаңар эмне болот? Биздин азыркы саясат баарына бирдей – мыйзамды, эрежелерди сактоо", - деген Джунушалиев жыйында.

Бишкек мэриясынан кошумчалашкандай, жол эрежесин одоно бузгандыгы үчүн (каршы тилкеге ​​чыгуу, тыюу салынган светофордон өтүү, автобустун ичинде жүргүнчүлөрдүн кулап кетиши жана башка)30 айдоочу иштен алынат.

Жыйында Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмүн өнүктүрүү департаментине айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча таоаптарды күчөтүү милдети тапшырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17468