Экзаменге киргизүү үчүн студенттен пара алды делген лицейдин өкүлдөрү кармалды
RU

Экзаменге киргизүү үчүн студенттен пара алды делген лицейдин өкүлдөрү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Майлуу-Суу шаарындагы кесиптик лицейдин директорунун милдетин аткаруучу жана ошол эле лицейдин ага мастери кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин аталган окуу жайдын окуучусу милицияга арыз менен кайрылып, лицейдин жетекчиси мамлекеттик экзаменге киргизүү менен дипломун жана аттестатын берүү максатында андан 10 000 сом акча каражатын пара катары талап кылып жаткандыгын билдирген.

Аталган факты боюнча "Опузалап пара талап кылуу" беренеси менен кылмыш иш козголуп, окуу жайдын директорунун милдетин аткаруучу жана улук мастери студенттен акча алып жаткан жеринен кармалган.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда иликтөө иштери уланып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17486