СИЗОдо отурган журналист Айке Бейшекеевага эл аралык сыйлык ыйгарылды
RU

СИЗОдо отурган журналист Айке Бейшекеевага эл аралык сыйлык ыйгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Камактагы жаш журналист Айке Бейшекеева эл аралык сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу Болот Темиров социалдык тармактардагы баракчасына жазды.

Сегиз айдан бери СИЗОдо отурган журналист Айке Бейшекеевага "Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоодогу эрдиги үчүн эл аралык жаштар сыйлыгы" Прагадагы People NEED уюму тарабынан ыйгарылды.

Бул сыйлык адам укуктарын коргоону жакшыртууга умтулган жаштарга ыйгарылат.

23 жаштагы Айке Бейшекеева Temirov Live долбоорунун журналисти. Ал аталган редакция менен кызматташкан башка он журналист менен бирге массалык баш аламандыкка чакыруу боюнча кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17489