Легендарлуу парламенттин депутаты Бегиш Аматов дүйнө салды
RU

Легендарлуу парламенттин депутаты Бегиш Аматов дүйнө салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Легендарлуу парламенттин депутаты, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Бегиш Аматов 75 жаш курагында дүйнө салды. Жогорку Кеңештен маалымдашкандай, Аматов 26-сентябрда көз жумду.

Өмүр баяны:

  • 1949-жылы Ош облусунун Алай районуна караштуу Көлдүк айылында туулган.
  • 1966-жылы зооветеринардык техникумду аяктап, андан соң 1971-жылы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн.
  • Эмгек жолун 1971-жылы Алай совхозунда зоотехник болуп иштөөдөн баштаган. 1974-1976-жылдары Ленин совхозунда башкы зоотехник;
  • 1976-1981-жылдары Социализм совхозунун директору;
  • 1981-1983-жылдары Алматы шаарындагы жогорку партиялык мектептен билим алып, 1983-1990-жылдары Базар-Коргон районунун 2-секретары;
  • 1990-1994-жылдары эл арасында "Легендарлуу парламент" деп аталган Кыргыз ССР Жогорку Советинин XII чакырылышынын депутаты;
  • 1991-жылдын 31-августунда алгачкылардан болуп Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы жөнүндө декларацияны кабыл алуу демилгесин көтөрүп, эгемендүүлүк алууга зор салымын кошкон.

Kaktus редакциясы Бегиш Аматовдун дүйнө салганына байланыштуу жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17492