Бишкектин бир районунда эле 8 айда 700дөн ашык алдамчылык фактысы катталган
RU

Бишкектин бир районунда эле 8 айда 700дөн ашык алдамчылык фактысы катталган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2024-жылдын 8 айына карата Бишкек шаарынын Октябрь районунда алдамчылык фактысы боюнча 721 кылмыш иши козголгон. Бул туурасында Октябрь райондук прокуратурасынын статистикасында айтылат.

"Райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан алдамчылык фактылары боюнча жалпы 721 кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен 344 кылмыш иши 64 кылмыш ишине бириктирилип, айыптоо актысы бекитилип соттун кароосуна жиберилген", - дешет прокуратурадан.

​Алдамчылык менен башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлккө болгон укукка ээ болуу үчүн кылмыш жасагандар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекснин негизинде жоопкерчиликке тартылышат.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин 209-беренесинин:

  • 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жосунду жасагандарга 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга;
  • 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жосунду жасагандарга эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга;
  • 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жосунду жасагандарга 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга, мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жаза түрлөрү каралган.

Ушул эле кодекстин 58-беренесине өзгөртүү киргизилип, 209-берененин 3-бөлүгү менен 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жосундарды жасагандарга карата кылмыш куугунтуктоонун эскирүү мөөнөтү алынып салынгандыктан эскирүү мөөнөтү колдонулбайт.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан алдамчылык фактыларын тергөөнүн сапатына, толуктугуна, туура квалификацияланыышына (жиктелишине) жана мыйзамдуулуугуна өзгөчө көңүл бурулат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17494