Ысык-Көлдө селден жабыркаган айылдын жашоочулары көчүрүлөт
RU

Ысык-Көлдө селден жабыркаган айылдын жашоочулары көчүрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Садыр-Аке айыл аймагына караштуу Темир айылынын жашоочулары көчүрүлөт. Мындай чечим 27-сентябрда Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, айыл тургундары коопсуз аймактарга көчүрүлүп, керектүү жардамдар көрсөтүлөт.

Маалым болгондой, токтом долбоору президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн корутундусун жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын чечимин эске алуу менен шашылыш түрдө иштелип чыккан.

Эске салсак, 18-августта Ысык-Көлдүн бир катар райондорунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Темир айылын суу каптаган.

Анын кесепеттерин жоюу үчүн 927 адам, 66 бирдик атайын техника, анын ичинде үч өрт өчүрүүчү жана төрт канализациялык унаа тартылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17498