Мэрия шаардыктарды таштандыны саат 19:00дөн түнгө чейин ыргытууну суранды
RU

Мэрия шаардыктарды таштандыны саат 19:00дөн түнгө чейин ыргытууну суранды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын таштанды чыгаруу эрежелерин сактоого чакырды. Муниципалитеттен таштандыларды чогултуу саат 00:00дөн 06:00гө чейин жүргүзүлүп жатканын эскертти.

"Шаардыктар таштандыны эртең менен балдарды окууга же бала бакчага алып баратканда, өздөрү жумушка кетип жатканда таштап кетишет. Ошол үчүн күндүз кечке таштанды челектер толуп турат. Күндүз жол тыгындардын кесепетинен таштанды чогултуу абдан оорчулукту жаратат. Андыктан саат 19:00дөн 00:00гө чейин таштанды ыргытууну суранабыз", - дешет мэриядан.

Муниципалитеттен күндүз кайрадан таштанды чогултуу мүмкүн да эмес деп кошумчалашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17504