Бишкек мэриясы шаардыктардан таштандыны кечкисин ыргытууну суранды
RU

Бишкек мэриясы шаардыктардан таштандыны кечкисин ыргытууну суранды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек мэриясы шаардыктардан таштандыны кечки саат 19:00дөн түнкү саат 24:00гө чейин чыгарууну суранды. Билдирүүдө "Тазалыктын" кызматкерлери таштандыны 24:00дөн баштап 06:00гө чейин тазалап кете турганы айтылат.

Ошондой эле, шаар тургундары эртең менен жумушка же балдарды мектеп, бала бакчага алып баратканда таштап кетип жатышканын, ошол үчүн күндүз кечке таштанды челектер толуп турганын кошумчалады.

Мэрия күндүз жол тыгындын айынан шаардын бардык жагынан таштандыны чогултуу мүмкүн эмес экенин айтып, "келиңиздер, өзүбүзгө өзүбүз жардам берели" деген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17507