Жашыл аянтка унаа токтоткондорго 17 миң сомго чейин айып пул салынат
RU

Жашыл аянтка унаа токтоткондорго 17 миң сомго чейин айып пул салынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте жашыл аймактарга унаа токтоткондорго айып пул салынат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Маалыматта, эреже бузгандарга 5 500 сомдон 17 000 сомго чейин айып пул каралары айтылган. Жашыл аянтка унаа токтотуу экологияга зыян келтирип, шаарды жашылдандыруучулардын аракетин жокко чыгарат.

Эске салсак, жашыл газондорго жана жашылдандырууга арналган жерлерге унааларын токтоткону үчүн 5 айдоочуга айып пул салынды. Алардын ичинен 2 айдоочу мыйзам бузуу менен макул болсо, калгандарынын иштери райондук административдик комиссиянын комиссиянын кароосуна жөнөтүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17508