Кара-Кулжада кийик аткан деген шек менен төрт адам кармалды
RU

Кара-Кулжада кийик аткан деген шек менен төрт адам кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылындагы Көк-Маңдай жайлоосунан мыйзамсыз кийик аткан төрт жаран кармалды. Бул тууралуу "NABU Кыргызстан" уюму билдирди.

Тоо текени аткан жарандарды аталган уюмдун "Барс-2" тобунун жана Экотехинспекциянын Оштогу бөлүмүнүн кызматкерлери пландан сырткаркы биргелешкен атайын рейдинин алкагында текшерилген.

Мыйзамсыз аңчылыкка шектелген жарандар токтотулуп, текшерүүгө алынган учурда, алардын куржунунан бир кийиктин эти жана төрт даана аңчылык куралы чыккан.

Натыйжада акт түзүлүп, андан ары териштирүү максатында укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17509