Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Зардалы айылына барды
RU

Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Зардалы айылына барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Зардалы айылына барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент жергиликтүү тургундар менен жолугуп, келерки жылдын жазында жолдун курулушу башталып, андан соң Зардалыны электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлөрүн айтты.

Зардалы айылынын тургундары президентке ыраазычылык айтып, бул мамлекет башчынын алардын конушуна болгон биринчи сапары экенин белгилешкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17511