Бишкекте кыздар жашы жете электерди сойкулукка мажбурлаган деп кармалды
RU

Бишкекте кыздар жашы жете электерди сойкулукка мажбурлаган деп кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте жашы жете электерди сойкулукка тартуу менен алектенген деп 2 кыз кармалды. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, шектүүлөр "Притон" рейдинин алкагында аныкталды.

Маалыматка ылайык, 24-сентябрда саат 15:20 чамасында Абдымомунов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде белгисиз 2 жаран жашы жете элек кыздарды кыйноо жана коркутуу жолу менен интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлап жаткандыгы тууралуу милицияга маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча Биринчи Май РИИБдин тергөө кызматы тарабынан 159-беренеси (сойкулук менен алектенүүгө тартуу) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1995-жылы туулган А.А. жана 2005-жылы туулган Х.Ж. аттуу кыздар кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмыш ишин тергөө иштери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17555