"Качкын" тасмасынын жаратуучулары Пусан фестивалында кызыл килемден өтүштү
RU

"Качкын" тасмасынын жаратуучулары Пусан фестивалында кызыл килемден өтүштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Качкын" кыргыз тасмасынын тобу Пусан кинофестивалынын кызыл килеминде өттү. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдайт.

Тасманын режиссёру жана сценаристи Дастан Жапар, продюсер Сүйүм Сулайманова, ко-продюсер Искендер Эмилбаев, ошондой эле башкы актёрлор Абылай Маратов менен Мээрим Атантаева кызыл килемден өтүү аземине катышты.

"Качкын" тасмасы "Мыкты тасма" номанициясы үчүн ат салышууда. Тасманын дүйнөлүк премьерасы 4-октябрь күнү болот.

Пусан эл аралык кинофестивалы 1996-жылдан бери Кореянын Пусан шаарында жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан Азиядагы абройлуу кинофестиваль. Иш-чара 2-11-октябрда өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17562