Гонконгдо 100гө жакын адам коркунучтуу инфекцияны жуктуруп алды
RU

Гонконгдо 100гө жакын адам коркунучтуу инфекцияны жуктуруп алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Гонконгдо В тобундагы стрептококк инфекциясы менен ооруган 91 бейтап аныкталган.

Саламаттыкты сактоо борбору өткөн айда В тобундагы инвазиялык стрептококк инфекциясы аныкталган учурларга болгон иликтөөнүн жыйынтыгын билдирди. Бардыгы болуп, 91 бейтапта инфекциянын ST283 штамы тастыкталган. 40 бейтап айыгып, 43 бейтаптын абалы туруктуу, төртөөнүн абалы оор, дагы төртөө каза болгон.

Изилдөө көрсөткөндөй, 75 бейтап симптомдору пайда болгонго чейин тузсуз суудагы чийки балыктар менен байлынышта болгон же аларды кармашкан (алардын жетөөсү тузсуз суудагы чийки балыктарды кармаган кезде колдорунда жаралар бар болчу экенин билдиришкен). 12 бейтап тузсуз суудагы балыктарды чала бышырып жегенин жокко чыгара алган жок. Бейтаптардын экөө ашпозчу болгон.

Саламаттыкты сактоо министрлиги шаар тургундарына суудагы чийки балыкка тийгенде же кармаганда колкап кийүүнү жана аны чала бышырып жебөөнү эскертти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17585