8-октябрда Бишкекте таза суу жок болот. Көчөлөрдүн тизмеги
RU

8-октябрда Бишкекте таза суу жок болот. Көчөлөрдүн тизмеги

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

8-октябрда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

08 - октябрда саат 9:00 - 00:00 чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде суу берүү токтотулат.

Өчүрүү төмөнкү көчөлөрү менен чектелет: Л. Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромский, Циалковский, Т. Фрунзе, Омур, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрүндө, "Рабочий Городок", "Институт Землиделия", "Ак-Өргө", "Ак-Ордо" конуштарында (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы) жана "Тенир-Тоо" конушунда (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы).

Бул күнү "Гагарин" жана "Юго-Западный" суутоптоморунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштери жүргүзүлөт.

"Бишкексууканал" келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17586