Баткенде ИИМдин түзүмдөрүнө курулган жаңы имараттар пайдаланууга берилди
RU

Баткенде ИИМдин түзүмдөрүнө курулган жаңы имараттар пайдаланууга берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 5-октябрь күнү Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда ИИМдин Ички аскерлерине жана Баткен ОИИБге тиешелүү жаңы курулган 6 имарат пайдаланууга берилди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки айылдык бөлүм, үч аймактык пункт жана Ички аскерлердин бөлүгүнүн, жалпы алты имарат пайдаланууга берилди.

Иш-чарага Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков катышып, бул имараттар президенттин тапшырмасы менен кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине карата ачылып жатканын айтты.

"Быйылкы жылдын башынан бери Ички иштер министрлигине караштуу жүздөгөн имараттарды ачып, ишке берип жатабыз. Ушул иш-чаралардын алкагында, бүгүн сиздер менен жолугуп, өзүңүздөр көрүп турган имаратты ачып жатабыз. Баткен жергесине болгон иш-сапарыбызда ушуга окшогон дагы беш имаратты ачып, элдин коопсуздугун камсыздоого тапшырабыз. Алардын арасында, ошол имаратта иштеп, жашаганга да бардык шарттары түзүлгөн заманбап имараттар бар", - деди Улан Ниязбеков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17587