Президент Садыр Жапаров эртең Москвага учат
RU

Президент Садыр Жапаров эртең Москвага учат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров 7-8-октябрда КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Москвага барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

8-октябрда Россияда КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.

Жыйында шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.

КМШнын бул саммитине Шериктештиктин мамлекет башчыларынын катышуусу күтүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17588