Төө-Ашууда туман түшүп, кар жаап жатат
RU

Төө-Ашууда туман түшүп, кар жаап жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аба ырайынын кескин бузулушуна байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунун тилкесинде туман түшүп, кар жаашы мүмкүн.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекция айдоочуларга жолдо өтө этият болууга, жол кыймылынын эрежелерин так сактоону сунуштайт. Ылдамдыктын чегин жана аралыкты сактоого өзгөчө көңүл буруу керек.

Бишкек-Ош унаа жолунда Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын өздүк курамы оор шарттарда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы кызматкерлер жолдогу абалды көзөмөлдөп, айдоочуларга керектүү жардамдарды көрсөтүүнү улантып жатканын тастыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17590