Кыргызстанда жумушсуз адамдардын саны белгилүү болду
465
Кыргызстанда 1-октябрга карата ишке орноштуруу кызматында каттоодо тургандардын саны 78,1 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин маалыматында айтылат.
Учурда каттоодо тургандардын саны 1-сентябрга салыштырмалуу 3,3 миңге азайды.
Облустар жана региондор боюнча иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган адамдардын саны төмөнкүдөй:
- Жалал-Абад облусу – 20767 адам;
- Ош облусу – 20007;
- Баткен облусу – 13162;
- Талас облусу – 4538;
- Бишкек - 5252;
- Ош – 4248;
- Ысык-Көл облусу – 3625;
- Чүй облусу – 3465;
- Нарын облусу – 3057.
Расмий түрдө катталган жумушсуздардын саны 56,9 миң адамды түздү. 1-октябрга карата ишке орноштуруу кызматынан 77 миң адам кеңеш алышкан. Жалпысынан 9433 жаран жумуш менен камсыз болгон.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://uyat.kaktus.media/17592