Нурланбек Шакиев кыргыз тили боюнча тестирлөөдөн жогорку балл алды
RU

Нурланбек Шакиев кыргыз тили боюнча тестирлөөдөн жогорку балл алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин төрага Нурланбек Шакиев кыргыз тили боюнча С1 деңгээлиндеги тестирлөөдөн эң жогорку балл алды. "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси бүгүн, 7-октябрда Жогорку Кеңеште көчмө тестирлөө акциясын өткөрдү.

Алгач Нурланбек Шакиев депутаттардын жана парламенттин аппаратынын кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында өткөрүлүп жаткан акциянын жүрүшү менен таанышты.

Төрага өнүккөн технологиянын өзгөчөлүктөрүн эске алып, тестирлөөдө заманбап ыкмаларды колдонуу зарылчылыгына токтолуп, өзү да тест тапшырып, С1 деңгээлиндеги тестирлөөдөн эң жогорку балл алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17598