Улуттук электр тармактар ишканасынын директорунун орун басары камакка алынды
RU

Улуттук электр тармактар ишканасынын директорунун орун басары камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ишканасынын башкы директорунун орун басары кармалды. ИИМден билдиришкендей, ал коррупциялык иштерге аралашканга шектелүүдө.

Министрликтин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан калкка электр энергиясын керектөө системалары үчүн тетиктерди сатып алууда "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААК жетекчилигинин коррупциялык схемалары аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси менен кылмыш иши ачылган.

"Бир тендерге аудит жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ишканасынын кызмат адамдары "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамын одно бузуп, сатып алуучу товардын баасына алдын ала мониторинг жүргүзбөстөн тендер өткөрүшкөн. Ошентип бир гана тендер боюнча 25 млн сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Иш боюнча табылган далилдердин негизинде кылмышка шектүү катары "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ишканасынын башкы директорунун орун басары, 1992-жылы туулган А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Соттун чечими менен ал эки айга камалды. Учурда иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17606