Бишкекте башаламан соода кылгандарга 3 миңден 13 миң сомго чейин айып салынат
RU

Бишкекте башаламан соода кылгандарга 3 миңден 13 миң сомго чейин айып салынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы мыйзамсыз көчө соодасына каршы рейддерди өткөрө баштады. Бул туурасында борбор калаа башкармалыгынан кабарлашты.

Буга чейин уруксатсыз соодага каршы күрөштү райондук администрациялар жүргүзүп келген. Эми муниципалдык инспекция учурдагы мыйзамдарга ылайык чара көрөт.

Мэриядан белгиленбеген жерлерде соода жүргүзгөндөргө 3000 сомдон 13000 сомго чейин айып салынарын эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17617