Апта аягында аба ырайы өзгөрүп, күн сууйт
RU

Апта аягында аба ырайы өзгөрүп, күн сууйт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызгидромет кызматы 11-октябрда күндүн экинчи жарымында Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөрүн кабарлайт.

12-октябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлүүдө. Ал эми Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

13-октябрда айрым жерлерде жаан-чачын жаашы күтүлөт. Абанын температурасынын төмөндөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

14-16-октябрларда туруксуз аба-ырайы сакталып турат, мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондорго кар түшү, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Ал эми 16-октябрда абанын температурасы төмөндөйт:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 7…12°
  • Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 5…10°
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 6…11°, күндүз 11…16°, тоо этектеринде түнкүсүн 0…5°, күндүз 3…8°
  • Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9°, күндүз 1…6°
  • Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6°, күндүз 6…11°
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…5°, күндүз 6…11°, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -3°…+2°, күндүз 2…7°
  • бийик тоолордо түнкүсүн -5…-10°, күндүз -2°…+3° чейин төмөндөйт

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17638