Жогорку Соттун жамааты Замирбек Базарбековду чапан жаап, калпак кийгизип узатышты
RU

Жогорку Соттун жамааты Замирбек Базарбековду чапан жаап, калпак кийгизип узатышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-октябрда өлкөнүн Жогорку Сотунун жамааты Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген юристи Замирбек Базарбековду салтанаттуу түрдө узатышты. Бул туурасында Жогорку Соттон маалымдашат.

"Судьялар Замирбек Базарбековдун төрагалык кылуусу сот системасынын тарыхына өзгөрүүлөрдүн жана сапаттуу өзгөрүүлөрдүн доору катары кирерин белгилешти", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле эмгек жамаат Базарбековдун тушунда материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, сот адилеттигин ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү жана судьялардын көз карандысыздыгын бекемдөө жаатындагы жетишкендиктерин айтышты. Мындан тышкары анын эл аралык аренада Кыргызстандын сот тутумунун кадыр-баркын калыптандырууга кошкон салымы, ошондой эле сот органдарынын ачыктыгын жана сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуудагы ийгиликтери өзгөчө баса белгиленди.

Замирбек Базарбеков өз кезегинде жамаатты сот адилеттигинин сапатын жогорулатууга бардык күч-аракетин жумшоо менен республиканын жана сот системасынын ийгилиги үчүн абийирдүү иштөөгө чакырды. Ал сөзүнүн жыйынтыгында биримдикте иш алып барууну, башталган реформаларды, анын ичинде санариптештирүү процесстерин улантууну жана жаңы дайындала турган төрагага колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Эске салсак, Замирбек Базарбековдун кызматтан кетери 9-октябрда белгилүү болгон. Соттор Кеңеши ошол эле күнү Базарбековдун арызыз канааттандырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17639