Кышкы дөңгөлөктөрү жок унаалар "Сосновка" жана "Кара-Көлдөн" өтө албайт
RU

Кышкы дөңгөлөктөрү жок унаалар "Сосновка" жана "Кара-Көлдөн" өтө албайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ашууларда кар жаап жатканына байланыштуу узак жолго чыккан айдоочуларга кайрылуу жасады.

Ага ылайык бул эрежелерди сактоо керек:

  • Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган болгондор, унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырууну унутпашы керек.
  • Алыс жолго сапар алган учурда музга туруштук бере турчу атайын чынжырча ала жүрүү зарыл.
  • "Сосновка" жана "Кара-Көл" пункттарында унаалардын кышка даярдыгы текшерилип, талапка жооп бербегендер артка кайтарылат.
  • Ашуу аралап баратып, кокус авариялык абалга кептелгенде, унаа токтотууга коюлган ташты дароо жол боюнан алып коюу. Анткени, ал жол кырсыгы коркунучун гана туудурбастан, жасалма транспорт тыгынын да жаратат.
  • Кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпоо!

Эске салсак, ӨКМ алдыдагы аптада өлкө боюнча аба ырайы бузулуп, күн суук болорун эскерткен. Министрликке караштуу Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, жаралган кырдаалга ыкчам аракет көрүүгө даяр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17653