Президент автобустарда накталай төлөм улана берсе жол кире көтөрүлөрүн айтты
RU

Президент автобустарда накталай төлөм улана берсе жол кире көтөрүлөрүн айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек мэриясынын талкууга чыгарган накталай жол кирени көтөрүү сунушу сын-пикирлерди жаратты. Мэриядан коомдук транспорттордо накталай жол кирени 40 сом кылуу сунушталганын, ал эми накталай эмес (карта менен болсо) төлөм 17 сом бойдон каларын түшүндүрүшүүдө.

Кызуу талкуу боюнча президент Садыр Жапаров да пикирин айтып, жарандарды карточка алууга чакырды. Ал социалдык тармактагы баракчасына накталай эмес жол кире 17 сом бойдон каларын жазды.

"Карточка алып коюу ушунчалык оорбу? "Тулпар" же башка карта менен төлөгөндөргө жол кире көтөрүлбөйт. Накталай эмес төлөм - "Тулпар" картасы, электрондук капчыктар, банк карталары аркылуу төлөм жүргүзүүдө тариф 17 сом бойдон калат", - деди.

Мамлекет башчы накталай төлөмдөн канча акча түшүп жатканы белгисиз, ал айдоочунун гана чөнтөгүнө түшүп жатат деп белгиледи.

"Азыр накталай төлөм 20 сом. Накталай төлөмдөр канча түшүп жатканын эч ким билбейт. Ток этээр жерин айтканда айдоочунун чөнтөгүнө кетет. Жок эле дегенде ушундай жол менен болсо да уурулукту, коррупцияны жок кылганга жардам берсеңиздер болбойбу?

Ошондуктан ар бир шаардык жаран карта алгыла да 17 сомдон накталай эмес төлөгүлө. Накталай эмес төлөгөндө гана ошол акчалардын баары автобазанын эсебине келип түшөт дагы автобустарды тейлөө, оңдоо иштерине жумшалат.

Накталай төлөгөндүн дагы бир кемчилиги - айдоочуга тоскоолдук жаралып жатканын өзүңүздөр деле байкап, көрүп жатасыздар.

Айдоочулар жолду карабай, жарышып, кырсыктарга кабылган учурлар да жок эмес. Накталай жол кирени алуунун айынан жол кыймылынын эрежесин дагы бузуп келишет. Жаңы автобустардын кырсыкка учурашы, чыгымдарды гана алып келбестен, жүргүнчүлөрдүн ден соолугуна да таасир тийгизип, өмүрүнө коркунуч жаратып жатат. Айдоочу ар нерсеге алагды болбой, сак болуп, жолду гана карашы керек", - дейт өлкө башчы.

Садыр Жапаров жогорудагыдай маселерди чечүү үчүн мэрия накталай төлөмдү көтөрүү сунушун коомдук талкууга койгонун белгиледи.

"Эгерде жүргүнчү накталай эмес жол кире төлөп, бир жарым саат ичинде (90 мүнөт) 2-3 жолу коомдук транспорт алмаштырса (пересадка), бир эле жолу жол кире төлөө механизми да иштелип жатат (жакын арада карточканын бул туру дагы сатыкка чыгат). Ошондуктан тез арада карточка алгыла. Эгер дагы деле карточкага өтпөй накталай төлөм улана берсе албетте, мэрия накталай төлөмдүн баасын айласыз көтөрөт", - дейт президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17654