Баткенде ипотекалык үйлөрдүн курулушуна капсула салынды
1359
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 12-октябрда Баткен шаарында ипотекалык үйлөрдүн пайдубалына мезгил кутусун салды. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, турак жай 7 гектар аянтка курулууда.
slide 2 of 7
Белгилүү болгондой, Курманжан Датка жана Алымбек Датка көчөлөрүнүн кесилишине "Асман резиденс №1" турак жай комплексинин 1, 2, 3 бөлмөлүү 12 кабаттан турган 37 блок үйдүн курулушу пландалган. Батирлердин жалпы саны 2364.
slide 2 of 5
Долбоор боюнча көп кабаттуу үйлөрдүн астында спорт жана балдар аянтчалары, жер алдындагы унаа токтоочу жайлары, коомдук тамактануучу жайлар жана соода дүкөндөр камтылган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://uyat.kaktus.media/17662