Бокс залындагы атышуу. Жабыркагандар эсине келди
RU

Бокс залындагы атышуу. Жабыркагандар эсине келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин 7-кичи районундагы бокс клубунда болгон ок атуудан жабыркагандар учурда реанимациядан жалпы бөлүмгө которулду. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Көкүрөгүнөн жана ич көңдөйүнөн жаракат алып, Улуттук хирургиялык борборго жеткирилген жабырлануучу реанимациядан бөлүмгө которулду. Бардык гемодинамикалык көрсөткүчтөр нормалдуу. Ал эсине келип, абалы орто деп бааланууда.

Ал эми Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылган экинчи жабырлануучу да травматология бөлүмүнө которулду. Көрсөткүчтөрү нормалдуу. Анын абалы орто оор деп бааланууда дешти мекемеден.

Эске салсак, 10-октябрда бокс клубда эки ишкердин ортосунда чыр-чатак болуп, эки адам жабыркап, дагы бири кокусунан атылган октон каза болгон.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17663