Айтматовдун чыгармаларынын негизинде жазылган сценарийлерге сынак жарыяланды
RU

Айтматовдун чыгармаларынын негизинде жазылган сценарийлерге сынак жарыяланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынынын негизинде жазылган толук метраждуу көркөм тасмалардын мыкты сценарийлерине сынак жарыяланды. Бул тууралуу Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, сынак Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата министрлер кабинетинин "2030-жылга чейинки маданият, искусство, спорт жана жаштар саясатын өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун биринчи этабы катары 2024-2026-жылдарга карата иш-чаралар планынын" алкагында мамлекеттик буюртма боюнча тарыхый көркөм тасмаларды тартуу планынын негизинде өтөт.

Сценарийлерди кабыл алуу 11-октябрда башталды, 15-октябрда саат 17:00дө токтойт. Толук маалымат жана шарттары тууралуу "Кыргызфильм" киностудиясынын сайты жана 0501 50-31-03 номери аркылуу алууга болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17665