Бишкек ШИИББдин жетекчисинин орун басары иштен алынды
RU

Бишкек ШИИББдин жетекчисинин орун басары иштен алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Данияр Рыскулов Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басарлыгы кызматынан кетти. Бул тууралуу ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, ШИИББде шаардык милициянын 9 айдын ичиндеги ишинин жыйынтыгы каралганы айтылат. Жыйында шаардык милициянын башчысы Азамат Токтоналиев мыйзамдуулук жана кызматтык тартипти сактоо боюнча катуу талаптарды коюп, ишинде начар жыйынтык көрсөткөн 10 жетекчи тартиптик жаза алган.

Ага ылайык, Данияр Рыскулов өздүк курам ичиндеги тартиптин одоно бузулушунан улам кызматынан бошотулду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17666