Кыргызстандын жаш альпинистери Гималайдагы Ама-Даблам чокусун багындырды
RU

Кыргызстандын жаш альпинистери Гималайдагы Ама-Даблам чокусун багындырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын жаш альпинистери Гималайдагы Ама-Даблам чокусун багындарды. Бул тууралуу альпинизм федерациясынын жетекчиси Эдуард Кубатов билдирди.

"Кыргыз элим, биздин жеңишибиз элиме жана жериме арналат! Биздин жеңишибиз Кыргызстанга арналат! Баарыбызга бакубатчылык, тынчтык жана ынтымак болсун! Ама-Даблам, 6812 метр, Кыргызстандын альпинисттердин жаштар командасы маршрутту спорттук жана автономиялуу стилде аяктады! Бул биздин жаш кыргызстандык альпинисттердин биринчи, бирок өтө маанилүү кадамы!" - деди жетекчи.

Анын айтымында, жаш альпинисттер Михаил Даничкин, Тимур жана Айдар Акбашевдер, ошондой эле Злата Кутанова 6812 метр бийиктиктеги чокуга чыгып, Кыргызстандын желегин орнотушкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17668