Ташиев криминалга тиешеси бар талапкерлерди тизмеден чыгарууну тапшырды
RU

Ташиев криминалга тиешеси бар талапкерлерди тизмеден чыгарууну тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик мекемелерге жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго аралашпоого буйрук берди эскертти. Ал 12-октябрда Баткенде чек арачылар менен болгон жолугушууда тиешелүү органдарды шайлоого бараткан ар бир талапкерди кылдат текшерүүнү тапшырды.

"Шайлоого бараткан партиялардын ар бир талапкерин кылдат текшерип чыккыла. Алардын криминалга, коррупцияга тиешеси болсо, же тууган-уругунун тиешеси болсо тизмеден чыгаргыла. Шайлоо маалында кайсы бир талапкер мыйзам бузуучулукка барса, ал мыйзам чегинде катуу жазаланат. Мамлекеттеги тазалануу шайлоолордон башталышы керек" - деди УКМКнын төрагасы.

Эскерте кетсек, буга чейин Ташиев өзү бийликте турганда анын "Ата-Журт - Кыргызстан" партиясы шайлоого катышпай турганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17669