Камчыбек Ташиев Биволдун жеңилүү ызаасы боюнча үн катты
RU

Камчыбек Ташиев Биволдун жеңилүү ызаасы боюнча үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Дмитрий Бивол менен Артур Бетербиевдин беттеши боюнча үн катты. Ал социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырган.

"Дима, сен уттуң! Биволдун жеңиши уурдалып, уюштуруучулар, калыстар адилеттүүлүктү тебелеп-тепседи. Алар адилеттүүлүктүн баасын да түшүнүшпөйт!" ,- деди башчы.

Эске салсак, жарым оор салмакта WBC, IBF жана WBO чемпиону Артур Бетербиев беттеште WBA титулунун ээси Дмитрий Биволду жеңип, абсолюттук дүйнөнүн чемпиону деген статусуна ээ болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17670