Чет өлкөдө каза тапкан он кыргызстандыктын сөөгү мекенге кайтарылды
RU

Чет өлкөдө каза тапкан он кыргызстандыктын сөөгү мекенге кайтарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бириккен Араб Эмираттарында, Казакстанда, Кытайда, Россияда, Өзбекстанда жана Украинада оор турмуштук кырдаалга туш болгон Кыргызстандын 22 жаран мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги сентябрь айындагы чет мамлекеттердеги кыргыз элчиликтердин, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн иши тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

Маалыматта, чет жерде абакта отурган Кыргызстандын 23 жараны менен консулдук жолугушуулар өткөрүлүп, каза тапкан он кишинин сөөгүн мекенге алып келүүгө жардам берилгени айтылат.

Буга кошумча, Кыргызстандын 10 жаранына 1 072 000 сомго жакын төлөнбөгөн эмгек акысын өндүрүү маселеси оң чечилген.

Эске салсак, чет өлкөлөрдө миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 2024-жылдын биринчи кварталында 655,5 миң кишини түзөт. Алардын 400 миңден көбү Россияда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17673