Боом капчыгайында 4 күн бою таш кулатылат
RU

Боом капчыгайында 4 күн бою таш кулатылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Боомдо 14-18-октябрь арасында таш кулатылып, автоунаалардын жүрүшү чектелет. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" билдирди.

Маалыматта, Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун 128-чакырымында күндүз 09:00дөн 15:00гө чейин таш кулатуу иштери жүрүп, унаалар бир тилке менен каттай турганы айтылат. Ал эми 30-40тан ашык унаа топтолуп калганда таш түшүрүү иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлөт.

Иш-чаралар жер көчкү жана таш кулоолордун алдын алуу максатында жасалып жатканы кошумчаланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17675