Кыргыз жоокерлери Тажикстанда ЖККУнун машыгуусуна катышууда
RU

Кыргыз жоокерлери Тажикстанда ЖККУнун машыгуусуна катышууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын аскерлери Тажикстанда "Рубеж-2024" машыгуусуна катышып жатат. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен маалымдады.

Бүгүн, Куралдуу күчтөрдүн 50гө жакын аскер кызматчысы "Кант" авиабазасынан машыгуу өтө турган жерге учуп кетишти.

"Тажикстандын "Харбмайдон" полигонунда Борбордук Азия регионунун тез жайылтуучу жамааттык күчтөр менен "Рубеж-2024" биргелешкен машыгуусунда ЖККУга мүчө мамлекеттин аймагына басып кирген мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылуу боюнча аскердик аракеттерди даярдоо жана жүргүзүү маселелери иштелип чыгат", - деп айтылат маалыматта.

Борбор Азия регионунун тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүнүн негизги тапшырмасы - сырткы аскердик агрессиянын мизин кайтаруу жана контртеррористтик операцяларды биргелешип жүргүзүү экени кошумчаланды

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17676