"Төө-Ашууда" 4-5 чакырымга жеткен унаалардын тыгыны жаралды
RU

"Төө-Ашууда" 4-5 чакырымга жеткен унаалардын тыгыны жаралды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек – Ош унаа жолунун "Төө-Ашуу" ашуусунда тыгыны жаралды. ӨКМдан кабарлашкандай, тыгындын пайда болуусуна оор жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөгү жайкы жана чынжырчалары жок болгондугу себеп болууда.

132-чакырымда оор жүк ташуучу унаалар жайкы дөңгөлөктү алмаштырбагандыктан жолду тосуп калып, болжол менен 4-5 чакырым узундукта жол тыгыны пайда болгон.

Бүгүн, 16-октябрь саат 06:20га карата Бишкек – Ош унаа жолунун 126-чакырымына чейинки аралыгы таза. Ал эми 126-137-чакырым аралыктарында кар жаап, жол тайгак болууда (Төө-Ашуу ашуусу).

Тартылган күчтөрдүн жардамында оор жүк ташуучу унаалар жолдун четине жылдырылып, жеңил унаалар Ош тараптан Бишкек тарапка өткөрүлө баштады.

Жеринде ӨКМден жалпы 63 куткаруучу, 13 техника тартылып, күйүүчү майы түгөнгөн унааларга күйүүчү май берилүүдө. Ошондой эле "Сосновка" жана "Арал" постторунда жылынуучу пункттар уюштурулуп, жолдо калып калган жарандарга ысык тамак берилүүдө.

Тыгын болгон жерде №9 Жол тейлөө ишканасынан 10 кызматкер, 2 грейдер, 2 жүктөгүч, 3 самасвал, ИИМден 12 кызматкер, 4 экипаж тартылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17695