Жумгалда жоголгон ата-баланын туугандары президенттен жардам сурап кайрылды
415
Жумгалдын Жансар жайлоосуна мал кайтарганы кетип, 11 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан ата-баланын туугандары бийликтен жардам сурады.
"Урматтуу президентибиз, Садыр Нуркожоевич! Сизге кайрылууга аргасыз болуудабыз. Бир үйдөн эки адам дайынсыз болуп, кан жутуп отурабыз. Кой кайтарып кетип, дайынсыз болуп жатышат. Минген аты суудан өлүк табылды. Ошондуктан, суудан эле издеп жатабыз.
ӨКМдин балдары аз санда, атайын техникасы жок издеп жатышат. Сизден ӨКМдан кошумча күч, техника бөлүп беришиңизди суранабыз. Биздин кайгыбызды көз жаздымда калтырбайт деп ишенебиз!" - деп айтылат кайрылууда.
Буга кошумча, учурда жаан жаап жатканы, ал эми ал карга айланса табуу кыйындай турганы айтылган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://uyat.kaktus.media/17788