Окуу жайга тапшыруу үчүн канча балл керек экенин Билим берүү министри айтып берди
Жалпы республикалык тестирлөөгө 44 416 миң абитуриент катышкан. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда, Бишкекте өткөн басма сөз жыйыны учурунда Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Оморов айтып берди.
Анын айтымында, ЖРТнин жыйынтыктарына ылайык, окуу жайга тапшыруу үчүн өтмөк упай аныкталды: бюджеттик формага - 110 упайдан ашык, контракттык формага - 105 упайдан ашык алуу зарыл.
Абитуриенттердин 60%ы 110 упайдан жогору алышкан. 105 упайды абитуриенттердин 63%ы алды. Демек, ушунча бүтүрүүчү өлкөнүн жогоркуу окуу жайларына тапшыра алышат.
Оморов белгилегендей, жожодорго кабыл алуу былтыркыдай эле онлайн өтөт. 2020-жылы 30 миң абитуриент окуу жайларга онлайн тапшырган болчу.
1818 кыска номери боюнча жождорго тапшыруу боюнча толук маалыматты алса болот.
Жылдагыдай эле үч тур өткөрүлөт.
- Биринчи тур: 12-17-июлда
- Экинчи тур: 19-23-июлда
- Үчүнчү тур: 26-31-июлда.
2021-2022 окуу жылдарына 5975 бюджеттик орун бөлүндү. Баткен облусунда болгон чек ара конфликтине байланыштуу кошумча 40 орун бөлүндү. Бул облус үчүн жожго тапшыруу үчүн өтмөк упай бюджетке - 100 упай, контрактка 95 упайга чейин төмөндөтүлдү.