Ош шаарында эки партиянын агитаторлору көчөнү жана районду бөлүшө албай койду
Ош АШКнын ыкчам жооп координациялык тобуна "Улуттар Биримдиги" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Роза Жоошбаевадан "Ата Журт Кыргызстан" саясий партиясынын үгүтчүсү, Лютфилло атуу жаран шайлоо өнөктүгүнүн эрежелерин бузуп жатат деген арыз келип түшкөн. Бул тууралуу Kaktus.mediaга Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.
Арыз ээсинин айтымында, ага жана "Улуттар Биримдиги" саясий партиясынын башка агитаторлоруна Оштогу Шейид-Дөөбө көчөсүнө агитация жүргүзүүгө тыюу салышкан. Мындан тышкары, Жоошбаева ал көрсөткөн адам партия жөнүндө жалган маалымат таратып жатат деп ырастоодо.
Маалымат буга чейин тергөө үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жөнөтүлгөн.
Эске салсак, 11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайрадан шайлоо өтөт.