Сүйлөшкөн кызынын курбусун зордуктаган бала түрмөгө жөнөтүлдү
17 жаштагы кызды зордуктоого шектүү кармалып, соттун чечими менен Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге жөнөтүлдү. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Октябрь районунун ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылыйык, 28-августта С.У. аттуу жаран милицияга кайрылып, жашы жете элек кызды зордуктаган адамга каршы арыз жазган. Бул окуя 2021-жылдын 27-августунда саат 23:00 чамасында бологон. Шектелүүчү унаасы менен 2003-жылкы кызды Алтын-Ордо конушуна алып барып зордуктап, андан кийин үйүнө таштап койгон.
Бул факт каттоого алынып, КРдин Кылмыш-жаза кодексинин "Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер" беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш башталды.
Кылмышка шектүүнүн өздүгү такталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал 1995-жылы туулган, Талас облусунун тургуну, А.А. атуу жаран экени аныкталган. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тергөө мөөнөтү бүткүчө шектелүүчүнү Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камакка алды.