Аида Салянова Болот Темировдун эки тарапташы сабалганын билдирди
RU

Аида Салянова Болот Темировдун эки тарапташы сабалганын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, КРдин мурунку башпрокурору Аида Салянова журналист Болот Темировду камакка алган милиция кызматкерлеринин аракетине нааразы болду.

Ал Кыргызстандын ички иштери министри Улан Ниязбековго кайрылды. Салянованын маалыматы боюнча, Бишкектин Свердлов райондук сотунун алдында Болот Темиров менен Болот Назаровду коргоо митингине катышкан активисттер Нургазы Шайлообеков менен Айбек Казаркуловду милиция кызматкерлери кармап, Бишкектин Ленин РИИБсине алып барып, сабашкан.

"Мен тез арада алардан кечирим сурап, бошотулушун талап кылам", - деп Аида Салянованын билдирүүсүндө жазылган.

Бирок ИИМ Kaktus.kg'ге берген маалыматында Аида Салянованын айткандары чындыкка дал келбейт, милиционерлер митингден кийин эч кимди камакка алган эмес, деп айтышты.

Эске салсак, журналист-иликтөөчү Болот Темиров жана анын кесиптештери күч кызматкерлери тарабынан камакка алынышкан. Мунун бардыгы Temirov Live'дын журналисттери "Ташиевдердин кланы тууралуу" иликтөө жарыялангандан кийин орун алды. Анда "Ташиевдердин үй-бүлөсү Кыргызстандагы нефть маганттарына айланып бараткандыгы тууралуу" айтылган. Экспертиза Темиров баңгизатын колдонбой тургандыгын, ал эми акын Болот Назаров колдонуп келгендигин көрсөттү. Митингден кийин Болот Темиров менен Болот Назаров эч жака чыкпоо тил катынын негизинде бошотулушту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/5293