Милиционер РОВДнин ичинде өзүн аткан
RU

Милиционер РОВДнин ичинде өзүн аткан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ноокен районундагы РИИБдеги милициянын улук сержанты өзүн-өзу аткан. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына күч структураларынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ, 26-январда, болжол менен саат 17:30да милиционердин сөөгү Ноокен РИИБсинин туалетинен табылган. Жанында табелдик Токарев тапанчасы бар болчу.

"Милиция кызматкери наряддан кийин куралын тапшырбай туруп, туалетке жөнөгөн. Ошол жактан өзүн-өзү аткан", - деп жеке булактар айтып беришти.

Өзүнө кол салуусунун себептери белгисиз.

Маркумдун жубайы бар болчу. Алдын ала берлиген маалыматтарга ылайык, келинчеги кош бойлуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/5331